Акыркы суткада өлкөнүн медициналык жайларында эмгектенген ак халатчандардын арасында коронавирус илдетине кабылгандар аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бир суткада 20 дарыгер ооруп калганын билдирди.
Ага ылайык, Бишкекте 2, Чүй өрөөнүндө 2, Ошто 9, Жалал-Абадда 6, Таласта 1 учур катталды.
Өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдетинен медицина тармагынын 4 миң 906 кызматкери жабыркап, 4 миң 680 кызматкер айыкты.