Бүгүн, 16-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берип, ал өзгөчө абал кирген аймактардагы акыркы кырдаалды түшүндүрдү.
Анда коменданттан жаран айыл чарба жана дыйканчылык иштериндеги тоскоолдуктар тууралуу сурады.
"Өкмөт тарабынан дыйкандарга жалпы чарба, айыл чарба иштери менен алектенгендерге толук колдоо көрсөтүлүп жатат. Аларга күндүзгү мезгилде, айрыкча авто унаа техникага өтүү пропусктары берилип жатат.
Анын негизинде коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн 06:00гө чейин кыскартылган. Жаз жарыш, күз күрөш демекчи жаздын бир күнү жылга тете. Ошондуктан бул тармак менен алектенген жарандарыбызды түшүнүп турабыз. Сизге кээ бир учурда дан азык же авто унааңызга тетиктер керек болсо дүкөндөрдөн ала алсыз. Анткени бул жаатта тиешелүү соода түйүндөрү иштеп жатат", - деди Жоробеков.