Өлкө боюнча 3 айдын ичинде 488 миллион 300 миң сом медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары төлөнүп берилди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде айтты.
"Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерине төлөнүп берилүүчү каражаттар боюнча бардык маселелер толук кандуу чечилди. 488 миллион 300 миң сом акча каражаты март айынан июнь айына чейин 3 ай 10 күндүн кошумча төлөмү толугу менен дарыгерлерге төлөнүп берилди. Азыр эми жаңы тариф менен июль айынын аягы менен кошумча каражат төлөп берүү боюнча иштеп жатабыз", - деди премьер-министр.