Оштогу эс алуу үйүндө Пакистан, Индиядан келген чет элдик жарандар санитардык нормаларды бузуп жатышканы айтылды

Оштогу эс алуу үйүндө жашаган чет элдик жарандар санитардык эрежелерди сактабай жатышат. Мындай маалымат бүгүн, 16-апрелде Ош облусу боюнча өткөн онлайн маалымат жыйынында жергиликтүү тургун тарабынан айтылды.

Анда "Пансионатта Пакистан, Индиядан келген жарандар жашайт. Алар медициналык бет кабы жок эле жүрүшөт. Ошондой эле пансионат жашоочулары үйдөн чыккан таштандыларын ар кайсы жерге ыргытып жатышат. Бул үйдүн жашоочуларын көзөмөлгө алса болобу?" деген суроо узатылды.

Буга Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов төмөндөгүдөй жооп берди.

"Бул өтө жакшы эмес көрүнүш. Негизи ал жакта чет элдик жарандар жок эле. Себеби чет элдик студенттер дагы өлкөдөн чыгып кетишкен болчу. Айрымдары калып, ошол жакта жүргөн экен. Мен буларды көзөмөлгө алам. Мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартабыз", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulya583
2020-04-16 15:38:46
Департ кылгыла, акчасын алып коюп мусорун озунор тазалап журбой.
+8
bond02
2020-04-16 17:20:56
Дааватчыларбы?
-4
murat17
2020-04-16 20:49:05
bond02,кайдагы айтпачы студенттер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан