Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 153 миллион 177 миң 931 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 89 миллион 915 миң 319 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 209 миң 349 (+10414) адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 4-майга карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 470 миң 363 болду. 577 миң 492 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 19 миллион 925 миң 604 адамдан аныкталды. 218 миң 959 адам каза болсо, 16 миллион 293 миң 3 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 14 миллион 779 миң 529 адам вируска кабылган. 408 миң 622 бейтап көз жумса, 13 миллион 134 миң 135 бейтап оорудан сакайды.