Бүгүн, 17-апрелде интернет желелерине баланы отжимание жаса деп мажбурлап, сабап жаткан эркек кишинин видеосу тараган. Кийинчерээк видеодогу ата Ала-Бука районунун тургуну экени жана ал учурда үй-бүлөсү менен Орусияда иштеп, жашай турганы тууралуу маалыматтар ачыкталган. Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булак "өспүрүмдүн тай тарабы полиция кызматына кайрылды" деп билдирген.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучусу Жумамидин Сулайманкулов видеодогу жаран тууралуу маалымат жазып чыкты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, видеодогу баласын сабап жаткан жаран анын айылдашы жана ал окуя тууралуу аны менен сүйлөшкөн.
"Коомчулукта талкууга жем таштаган, баласын сабаган жигит менин айылдашым. Вотсап аркылуу сүйлөштүм. Кылган ишине бушайман. Кызуу кандуулукка алдырып койгонун, уят болгонун, баласына карата зулумдугу жоктугун айтып, өкүнүп жатат.
Ооба, туура эмес иш болгон. Өз баласы болсо да мынчалыкка барганы аша чапкандык. Коомчулук жазалансын деген талапты коюп жатабыз. Албетте, жазасыз калбашы керек. Бирок анча-мынча жаш кезибизде таяк жегенибизди, ата-энеден кагуу-силкүү укканыбызды эске алуу менен кечиримдүү болсок. Эч ким өз канынан жаралган баласын жаман болсун дебейт. Видеого тартып, атайын жайылтуу же күйөөсүн каматып жиберүү, үй-бүлөнүн бузулуусуна алып келүү аракети да болгон эмес. Болгону туура эмес кылган ишин тууган-уруктарына жөнөтүп, тарбияга чакыруусун көздөгөн максат болушу мүмкүн.
Коомчулук тарабынан берилген баа бул эң чоң жаза болду окшойт. Элдин назары, элдин каргышынан өткөн оор жаза болбосо керек. Андыктан ата-баланын түбөлүк мамилесине жарака кетпөөсү, жек көрүү сезими жаралбоосу үчүн мен баланын атасын мыйзам алдында жазага тартуусун каалабай турамын. Азыр экөө тең жаш. Жашоо уланат. Камалса атасы түрмөдөн деле чыгат. Алган сабагы аз болот. Бир үй-бүлө талкаланат. Балдарды чоңойтуу, багып, тарбиялоо керек. Эгер кечиримдүү болуп, мүмкүнчүлүк берсек өмүр бою бул сабак көз алдынан кетпейт. Кол көтөрмөк түгүл катуу айтканга дити барбайт. Анткени ата-эне баары бир балдарын жакшы көрөт. Бул кылганы өмүр бою жүрөгүн өйүп өзүн-өзү жейт", - деп жазган ал окуя тууралуу билдирүүсүндө.