АКШ коронавирустун келип чыгышын иликтөөдө. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Ак Үйдө өткөн маалымат жыйынында билдирген.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта тиешелүү тараптар пандемиянын келип чыгышы жана вирустун пайда болушун иликтеп жатышат.
"Көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар бар, иликтөө жүргүзүп, окуянын чын төгүнүн билүүбүз керек. Вирус Кытайдан чыкты, азыркы тапта 184 өлкө жабыр тартып жатат, бул өтө кооптуу", - деп билдирген Трамп.
Буга чейин Вашингтон Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону токтоткон. Трамптын билдирүүсүнө ылайык, бул чара пандемиянын жайылып кетишиндеги кетирген катачылыктар толук иликтенип бүтмөйүнчө күчүндө калат.
Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШ коронавирус жуктуруп алгандар жана илдеттен көз жумгандар боюнча биринчи орунда турат. 700 миңге жакын адам вирус жуктуруп алган болсо, 37 миң адам көз жумган.