Израилдин Тель-Авив шаарында жайгашкан жергиликтүү сейил бакты чөөлөр каптап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Яркон деген аталыштагы жергиликтүү сейил бакта адамдар спорт менен алектенип, велосипед, скейтборд тээп жана жөн гана сейилдеп жүргөндү жактырышчу. Мындан тышкары ал жакта ири концерттер өткөрүлүп турар эле. Бирок азыр карантиндин шартында аталган сейил бак бош калды. Адамдардын ордуна шаар четиндеги чөөлөр келип сейилдеп, өздөрүн эркин сезе башташты", - деп жазылат маалыматта.