Бүгүн 18-апрелде Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов президент Сооронбай Жээнбековго азык-түлүк, дары-дармек боюнча кайрылган жарандын үй дарегине барып, анын абалын билди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медиаборборунун жетекчиси Тургунбай Алдакулов SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, президентке кайрылган жаран жалпы элдин атынан туура эмес маалымат берип, сүйлөп алган.
"Президентке Благовещенка айылынын жашоочусу жардам жок болуп жатканын айтып кайрылган экен. Биз анын чын төгүнүн билүү максатында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге аталган дарекке бардык. Ал жерге барганыбызда, жаран президентке кайрылгандай кээ бир маалыматтар тастыкталган жок.
Айтылгандардын ичинен бир гана бет кап боюнча маселе бар экени анык болду. Анын негизинде бул маселе чечиле турган болуп сүйлөшүлдү. Айылда дары-дармек, азык-түлүк жок деген маселелер калп болуп чыкты.
Ал жаран жалпы эл атынан сүйлөп, туура эмес маалымат берип алган. Аны биз кечирим сураткан жокпуз. Себеби азыр кечирим суратуу "дежур" сөз болуп калбадыбы. Бирок аныгында маалымат тастыкталган жок, айылдагылар бардык жардамдарды алып жатыптыр", - деди Алдакулов.
Мындан сырткары аталган топ айылдагы дүкөн, дары-дармек саткан дарыканаларды да кыдырып чыгышкан.
"Дарыкана, дүкөндөрдү кыдырып чыктык. Азык-түлүктү дүң баада сатып жаткан дүкөн бар экен. Жарандык активисттер уюштуруптур. Алар бизге азык-түлүк боюнча маселе жок экенин айтышты. Биринчи күндөрү эл дүрбөлөң болуп, дарыларды ашыкча сатып алып коюшкан экен. Ошондо 1-2 күн дары калбай калыптыр. Бирок азыркы күндө андай жетишпестик жок экенин сатуучулар айтышты", - деди ал.
Мындан тышкары Алдакулов өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына бул тууралуу пост жарыялаган.
"Демек, биз дагы деле бул сыноодон сабак ала элек экенбиз. "Биримдик менен жеңебиз!" деген сөздөр жөн гана ураан бойдон калып жатат. Пейилди агартып, жүрөктү тазартып, ынсапсыздыкка, адилетсиздикке каршы чогуу күрөшө турган күндөрдө жашап жатабыз.
Үйүндө жетиштүү уну барларга "мындай болбойт!" дейли. Азык-түлүгү жок жетим-жесир үй-бүлөлөр бар экенин айталы аларга. Бул сөздү өкмөттөгү киши айтса, мамлекеттин унун аяп жатат деп жаман көрөт экен", - деп жазат ал билдирүүсүндө.