Польшада президенттик шайлоо жылдырылды

Польшада президенттик шайлоо жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 10-майда өтө турган шайлоо коронавирустун айынан жылдырылды. Азырынча шайлоонун так датасы аныктала элек.

Буга чейин шайлоо почта аркылуу өтөрү белгилүү болгон. Бирок Польшанын мурдагы жетекчилери президенттик шайлоого бойкот жарыялап, элди катышпоого чакырышкан. Почта аркылуу добуш берүү Конституцияга каршы келерин билдиришкен. Социалдык сурамжылоодо польша калкынын 30 пайызы дистанциялык түрдө добуш берүүгө макулдугун билдирген.

Польшада 14 миң 740 адам коронавирус менен жабыркап келет. 700дөн ашык бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан