Коңшу Тажикстандын футбол боюнча өлкө чемпиондугунун үчүнчү айлампасы коронавирус пандемиясынан улам коңшу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү менен башталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Футбол федерациясынын сайтына жарыяланды.
"Күчтүү болуңуздар, биздин боордош элдер Орусия, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Ооганстан. Биз сиздер үчүн жана бүт дүйнө үчүн тиленебиз!" - деген ураан астында бүгүн, 18-апрелде өлкө чемпиондугунун үчүнчү турунун оюндары өттү.
Эскерте кетсек, бул өлкөдө дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясы каттала элек.