Бир суткада 870 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 470, Ош шаары – 113, Чүй облусу – 100, Ош облусу – 74, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 10, Ысык-Көл облусу – 20, Жалал-Абад облусу – 76.
Жалпы 114 миң 300 адамдан коронавирус аныкталган.