Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендантка ак халатчандар жолугушууда көйгөйлөрүн айтышты

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков ак халатчандар менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, комендант Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалпы жамааты менен жолуккан.

Өз кезегинде медицина кызматкерлери жакынкы райондордон келип иштегендиктен, блокпосттордон өтүүдө тоскоолдуктар жана көйгөй жаралып жатканын билдиришти. Мындан сырткары медицина кызматкерлери айлык маянасынын аздыгын белгилешти.

"Бүгүнкү күндө ооруу чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз зор. Ооруга чалдыккандарды аныктоо, аларды дарылоо алар менен ошол процессте чогуу болуунун өзү да кыйынчылык. Бул илдетке, сыноого баарыбыз биринчи жолу кабылып жатабыз. Ошого карабастан медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп, мен комендант катары жогору баалап жатам", - деди Жеңиш Жоробеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан