Бүгүн, 19-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча жыйын берип жатат.
Жыйында Жалал-Абаддагы башка улуттун өкүлдөрү жана алардын диаспоралары менен болгон иш тууралуу айтылды.
"Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 90го чукул улуттар жашайт. Алардын ичинен улуттар маданий борборлору 8ге чукул. Учурда бул борборлор менен тыгыз иш алып баруудабыз. Алсак, кечээ, 18-апрелде славян улутундагы жарандар коомунун жетекчиси менен сүйлөштүк. Ал Жалал-Абадда жашаган славяндардын арасында кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар экенин айтып, аларга жардам берүү максатында унаага өткөрмө кагаз маселесин чечип берүүнү айтып кайрылган. Биз бул маселени чечип, андан тышкары алардын жардамга муктаж болгон жарандарынын жашаган тизмесин алдык. Аларга да азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтүлөт", - деди комендант.