Бүгүнкү күнгө карата Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны жалпы 24кө жетти. Бүгүн, 24-апрелде 3 бейтап каза болду деп жазышат казак басылмалары.
Каза болгондор төмөнкү аймактарда катталды:
Алматы шаарында 1945-жылы туулган жаран;
Нур-Султан шаарында 64 жаштагы Орус жараны;
Мангистау облусунда 40 жаштагы аскер кызматкери каза болду. Ал 20-апрелде дене табы жогору болуп, ооруканага келген. Рентгенден бейтапта пневмония оорусу башталганы аныкталган. Ал коронавируска эки жолу тест тапшырып, экинчисинде вирус бар экени тастыкталган. Аскердик бөлүмдөрдүн биринде иштеген кызматкер өзгөчө абал учурунда дезинфекциялоо иштерине тартылган. Аны менен байланышта болгондор карантинге алынганы айтылат маалыматта.
Коңшу өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 2 миң 334кө жетип, анын 568и илдеттен арылды.