Бишкекте санитардык эрежелерди бузган субъекттерге карата айыптар жазылып, анын жалпы суммасы 8 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева маалымат жыйында билдирди.
"Борбор калаадагы ишкердик субъектилердин санитардык эрежелердин сакталышын, ошондой эле өзгөчө кырдаал учурунда уруксат берилген иш-чаралардын тизмесинин аткарылышын текшерүү боюнча мобилдик топтор иштеп жатышат. Жалпы 8 миллион 42 миң сом суммасында 2 миң 895 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын алдындагы коомдук транспортту текшерүү жүргүзүлүп, жалпы 829 миң сом суммасында 867 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн”.
Эгерде жарандар коррупциялык көрүнүштөргө туш болсо, Бишкек шаардык мэриясынын коррупцияга каршы күрөшүү секторуна 0(312) 61-07-75 телефон номуру аркылуу билдирсе болот.