18-апрель күнү республика боюнча 38 миң 645 чарчы метр имараттын ичи, 131 миң 370 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 100дөн ашуун куткаруучу тартылды. Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.
Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө.