+250. Анын көбү кайрадан Бишкекте. Соңку 5 күн ичинде 4 жолу өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч жаңыланды

Бүгүн, 26-июнга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 4204 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев адаттагыдай эле коронавирус боюнча онлайн брифингде айтты. Анын айтымында, оору бул суткага карата 250 адамдан аныкталды.

Бишкек шаары – 105;
Чүй облусу – 61;
Ош шаары – 47;
Ош облусу – 19;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Баткен облусу – 2.

Ошентип, соңку 5 күн ичинде өлкөдөгү коронавирус боюнча эң жогорку көрсөткүч 4 жолу жаңыланды. 22-июнда 205, 24-июнда 207 адам, 25-июнда 228 адам илдет менен каттоого алынды.



Оору жаңы катталган 250 адамдын ичинен 3 киши сырттан келген, калган 247 адам тастыкталган учурлар менен байланышта болгондор.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 4 212, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 16 985 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Стационарда – 633, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 12, үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткандар – 1366.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Krai
2020-06-26 10:09:08
Кандай болоор экен аябай эле көбөйүп кетти го качан кутулат экенбиз бул оорудан.
+8
urmat94
2020-06-26 10:11:25
Дагы 700 калыптыр да ошондо июньдун планы толот экен
-7
Kylychisa
2020-06-26 10:18:13
urmat94,алардын планыдан ашып кететко бул журушто бир Адам бир адамга жуктурса утуш ошолордуку
-6
Zamirbekkg
2020-06-26 10:22:15
Kylychisa, Боронов койгон план да айтты го июньдун акырына чейин 4900 го жетебиз деп
-3
Kyrgyz_bloger
2020-06-26 10:25:42
Боронов июньдун аягына чейин 4900 болот деди эле ошол приказды аткарып жатышабы,элдин кобу айтып жатат скорыйга чалсан келбейт,118 ге чалсан албайт деп анда кунуго 200дон ашык адамды каяктан табып жатышат,тушунуксуз.
-1
Aimani
2020-06-26 10:33:10
Kyrgyz_bloger,жетишпей жатышат окшойт. Эгер баарынан анализ алып чыгарганда мындан кыйла көп болмок. Азыр ооругандар тоолтура. Андыктан ар ким өзүнө сак болуш керек. Больница жетишпейт, дем алдыруучу аппарат жетишпейт. Оорусак карапайым эл өзүбүзгө эле жаман. Элдин баары ооруп бутмойунчо токтобой калды деп жатышат
0
Kuban-1207
2020-06-26 14:40:32
План
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-06-26 19:42:08
Жапкыла Бишкекти! Ачкадан өлсөк тынч көмүлөөрбүз. Эпидемиядан өлсөк урпактарыбыз барбай да коюшат көрүстөнүбүзгө))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан