Бүгүн, 19-мартта Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйын өткөрдү.
Анда "Мындан кийин дааватчылыкка чектөөлөр болобу?" деген суроо берилди.
"Дааватчылыкка чектөө киргизүү боюнча сунуш берип жатабыз. Бул боюнча маалыматты кийинчерээк айтабыз", - деди Аалиев.
Өлкө боюнча коронавирус 554 адамдан аныкталган. Анын ичинде Нарын облусунда 67.