Чехияда бир учурда эки маска тагынуу милдеттендирилет

Чехиянын жарандары адамдар көп топтолгон бардык коомдук жайларда бир эле учурда эки медициналык масканы же атайын респираторду кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, дүкөндөрдө, коомдук транспортто жана башка коомдук жайларда респираторлорду, нанобөлүкчөлөрү бар масканы же бир эле учурда эки кадимки хирургиялык масканы тагынуу талап кылынат. Чүпүрөк маскалары мындан ары коргоочу каражаты катары эсептелбейт. Бул чаралар дүйшөмбү күнү күчүнө кирет.

Андан сырткары, чех бийлиги дүкөндөрдүн бир гана бөлүгү ачык болуп, аралыктар сакталуу менен иштешине чектөөлөр колдонула берерин жарыялаган. Себеби, саламаттыкты сактоо тутуму коронавирус пандемиясы менен күрөшө албай жатат. Атап айтканда, өкмөт белгилегендей, Чехияда бул илдеттин "британиялык штаммы" кеңири жайылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан