Бүгүн, 23-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди.
"Урматтуу шаар тургундары! Эртең, 24-апрелде Орозо айы башталат. Бардык мусулмандар бул ыйык айды көптөн бери күтүп жатышкан. Тилекке каршы, быйылкы Орозо айы коронавирус инфекциясына байланыштуу карантин маалына туш келди. Баарыңарга белгилүү болгондой, Бишкек шаарында жана башка айрым аймактарда өзгөчө абал киргизилген. Ошондуктан сиздерден суранат элем, Кыргыз өлкөсүнүн муфтийи Максатбек Токтомушев айткандай, ооз ачуу убагын жана намаз окуганды үй-бүлөңөр, жакындарыңар менен өткөрүп, эшикке чыкпастан үйдө болуңуздар", - деди комендант.