Май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат

Май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда орус-казак чек арасында кайрадан Кыргыз Республикасынын 500дөй жараны топтолгон. Ошол эле учурда Кыргыз жарандарын өлкөгө алып келүү боюнча иштер уланууда.

"7-майда Кыргыз Республикасынын 541 жараны мекенине келген. Белгилей кетчү нерсе, акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, чет мамлекеттердин аймагынан Кыргыз жарандарын алып келүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды сунуштаган учурлар көбөйдү. Тилекке каршы, бул адамдар жана түзүмдөр жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Алардын бул маселенин айланасындагы жеке PR-акциялары карапайым жарандарды адаштырууда.

Орус-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде унаа каражаттарын өткөрүп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматты угуп, туура эмес кабарлоодон жабыр тарткан Кыргыз жарандарынын тегерегиндеги кырдаал буга айкын мисал болуп саналат. Бул мекендештерибиздин абалына терс таасирин тийгизди, ал эми Орусия Федерациясынын Оренбург облусунун жергиликтүү бийлигине татаал жагдай түздү.

Белгилей кетчү нерсе, айрым жактардын ойлонулбаган жана популисттик аракеттери Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер, анын ичинде союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен эки жактуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Дагы бир жолу эскерте кетсек, жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдүн расмий бийлиги менен иш алып баруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zhoro
2020-05-16 00:44:09
Список мененби же кандай эреже менен уюштурулат?
-1
Sakura715
2020-05-16 02:05:12
0
Altyn2017
2020-05-16 03:27:43
Кандай билсек болот кайсыл числодо кайсыл убакта Учак болушун,Элчилике чала берип тажадык Москвада же трупканы алсачы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан