Насыяны төлөө мөөнөтү 3 айдан ары узартылабы? Өкмөттүн жообу

Кыргыз Республикасынын өкмөтү финансылык институттарга мамлекеттик программаларды ишке ашыруу алкагында берилген насыялык каражаттарды кайтаруу шартын кайрадан кароону сунуштады. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кабыл алынган чечим алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна, Кыргыз Республикасында катталган коммерциялык банктарга жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга мамлекеттик программаларды ишке ашыруу алкагында берилген насыялык каражаттарды кайтаруу шартын кайрадан кароо сунушталды.

Насыялар, анын ичинде бюджеттик насыялар боюнча карыздарын жоюуда кыйынчылык тарткан насыя алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында төмөнкүлөр сунушталган:

- Төлөө мөөнөтүн 3 (үч) айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу менен насыялар боюнча төлөмдөр мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу;

- Насыялык келишимдер шартын кайрадан кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо жана негизги суммага кошуп эсептебөө;

- Насыялык келишимдерде каралган милдеттенмелердин тийиштүү түрдө аткарылбагандыгы үчүн насыя алуучуларга айып пул санкцияларын, анын ичинде үстөк айыптарды салбоо жана албоо.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча бюджеттик каражаттарды кайтаруунун төмөнкү шарттарын кайра карап чыгуу тапшырылды:

- Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу финансы-чарбалык ишин толугу менен токтотуп турган зайымчыларга, алар берген ырастоочу документтердин негизинде төлөмдөрдү капиталдаштыруу жана мөөнөттөрүн карызды жоюу мезгилинин аягына пайыздарды эсептебестен тиешелүү түрдө узартуу;

- Финансы-чарбалык ишин токтотпогон, ошону менен бирге өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими киргизилгендиктен финансы-чарбалык ишине начарлоо жагына (финансылык агымдардын өзгөрүшү, продукцияны сатуунун азайышы, абоненттерден жана субзайымчылардан төлөмдөрдүн жетишсиз чегерилиши) кыйыр түрдө таасир тийген зайымчыларга ырастоочу документтердин негизинде төлөмдөрдү 6 (алты) айлык мөөнөткө жылдыруу. Мында мөөнөтү кийинкиге жылдырылган төлөмдөр кийинкиге жылдырылган мөөнөт аяктаганга чейин 12 (он эки) айдын ичинде төлөнө тургандыгы аныкталсын;

- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде финансылык санкциялар (бышмана) эсептелбейт", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nargizab
2020-04-20 10:54:31
Бирок коммерциялык банктар толотуп эле атпайбы. 3 айга жылганда кайсы банктар жылдырылды Урматту Супер инфо сураныч тактап бере аласыздарбы?
+7
admin_portal
2020-04-20 14:06:27
Nargizab, саламатсызбы, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
tular
2020-04-20 15:05:30
admin_portal, Саламатсызбы, мага дагы тактап берип коюунузчу?
0
raikakyz
2020-04-20 18:33:14
Nargizab,Бакай Банк 3 айга узарткан.
0
Nuri1988Elim2010
2020-04-20 11:41:39
Биздин райондо төлөтүп эле жатышат, ал бизге тиешелүү эмес дешиптир банктан, анда только өздөрүнө тиешелүү да чоң курсактардын, карапайым элди ойлоп чыгарылган иш эмес бул,
+1
Baktyluumun98
2020-04-20 18:20:17
Кыргызчага аябай начар, тушунуксуз которулуптур. Зайымчы деген соз тушунуктуу, а субзайымчы, бышмана деген эмне?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан