Колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражаттарды колдоно берүү ден соолукка зыян. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Аллерголог-иммунолог дарыгер Алексей Бессмертныйдын айтымында, пандемия учурунда колду бат-баттан жууп турган туура, бирок ал ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн.
"Бизге дерматит менен кайрылган бейтаптардын көбү колун бат-баттан самындап жууй бергендер. Колду бат-баттан самындап жууп, антисептикалык каражаттарды колдоно берүү теринин флорасын бузуп, иммунитетин түшүрөт. Колду жуугандан соң терини азыктандыра турган кол май сүйкөө керек", - дейт дарыгер.
Мындан улам колду 1 күндө 8 жолу жууган туура болот. Кандайдыр бир жумуштун алдында кол кап кийип алуу да колдун терисин сактайт.