Жалпы республикалык тестирлөөгө каттала албай калган бүтүрүүчүлөргө кайрадан мүмкүнчүлүк берилди

Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдү экинчи жолу каттоо 4-майдан 15-майга чейин улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков маалымат жыйын учурунда айтты.

"Бүтүрүүчүлөрүбүздү кызыктырган чоң маселе - бул жалпы республикалык тестирлөө. Албетте, бул эң чоң жана маанилүү иштерибиздин бири. Себеби 11-класстын окуучулары бүгүн талпынып, алдыга умтулуп жаткан мезгили. Бул кырдаал аларды бир топ ойлондуруп жатат. Бирок ошол эле учурда кырдаал аларга мүмкүнчүлүктөрдү дагы берди. Себеби кеңири даярданууга убакыт болуп жатат.

Жалпы республикалык тестирлөө боюнча 4-майдан 15-майга чейин каттоо улантылат. Каттоо негизи бүтүп калган, бирок 15-майга чейин кандайдыр бир себептерден улам каттала албай калган бүтүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүк бердик", - деди министр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-04-30 17:59:01
Тестке каттоо качан башталды эле? Жанылбасам апрельдин башында эле карнтинге карата тестирлоо качан башталаары белгисиз деп жатты эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан