Беларусь өлкөсү жарандарын 2022-жылга чейин ата мекендик вакцина менен эмдөөнү баштайт. Бул тууралуу Беларустун Улуттук илимдер академиясынын жетекчиси Владимир Гусаков жергиликтүү телеканалдарга билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азырынча аталган вакцина эч кандай клиникалык сыноолордон өтө элек. Бирок өлкөнүн лабораторияларында вакцинанын прототиби түзүлүүдө. Толук прототип ушул жылдын күз айларында даяр болсо, аны өндүрүшкө киргизүү 2022-жылы ишке ашары пландалган.
"Биз азыр вирусология борборун түзүп жатабыз. Вакцина бул жөн гана өндүрүм. Биз келечекте эмне болорун билбейбиз. Вирус мутацияга учурап, өтө кооптуу штаммдары пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан биз кооптуу кырдаал жаралган учурда жаңы вакцинаны кыска убакыт ичинде чыгаруу үчүн материалдык базаны даярдап жатабыз", - деп билдирди Владимир Гусаков.
Белгилей кетсек, Беларуста ата мекендик вакцина өндүрүлөрүн буга чейин 7-майда өлкө президенти Александр Лукашенко да билдирген.
Учурда бул өлкөдө айына 500 миң доза көрсөткүч менен орусиялык Спутник V вакцинасы өндүрүлүүдө. Ошондой эле июль айынын аягында өлкө илдетке каршы Кытай вакцинасын да чыгарууга даяр экендигин билдирген.