"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 126 миллион 616 миң 893 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 28-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 126 миллион 616 миң 893 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 71 миллион 714 миң 590 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 776 миң 696 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 218 миң 381 болду. Тилекке каршы, 548 миң 825 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 490 миң 362 адамдан аныкталды. 310 миң 550 адам каза болсо, 10 миллион 943 миң 44 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 908 миң 910 адам вируска кабылган. 161 миң 240 бейтап көз жумса, 11 миллион 295 миң 23 бейтап оорудан сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан