"Коронавирус жуктургандардын арасында канчасы үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери, канчасы ооруканада иштеген кызматкерлер жана канчасы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл ишканасынын кызматкерлери?" деген суроо узатылды.
Бул боюнча министрдин орун басары: "Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде 45 кызматкер, үй-бүлөлүк медицина борборунда 31 дарыгер жана башка медицина кызматкерлери, 71 аймактык ооруканалардын кызматкерлери коронавирус жуктурганы аныкталды. Жалпы саны 147", - деген маалымат берди.
"Кыргыз өлкөсүндө кечээ улгайгандар каза болду. Алар коронавирустан каза болгондугу кантип аныкталды?" деген суроо болду. Буга Үсөнбаев: "Ош облусунда каза болгон киши ооруканада жаткан. Анда өнөкөт оорулары бар болчу. Коронавирус жуктургандан кийин иммунитети төмөн болгон үчүн көтөрө албай калды окшойт.
Ал эми Чүй облусунда каза болгон аял боюнча, ал да көпкө чейин ооруп, өнөкөт оорулары болуп, ооруканага жаткандан баш тартып жүргөн экен. Кийинчерээк абалы оор болуп ооруканага жеткирилгенде коронавируска текшеришкен, андан вирус бар экендиги аныкталган. Аны менен байланышта болгон 5 киши да такталып, текшерүүгө алынды. Азыр алар үй карантининде, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатышат", - деген жооп узатты.
Нурболот Үсөнбаев коомчулуктан келген суроолорго жооп берүүдө.
"Түркиядан учуп келген жарандар обсервацияга эмес, үй карантинине жөнөтүлдү дегендин чындыгы барбы?" деген суроо айтылды.
"Түркиядан келген 211 жаран "Ак-Кеме" мейманканасына жаткырылып, тесттери жакшы чыккандан кийин үй шартын карап, телефондорго көзөмөлдөө үчүн атайын тиркемелерди көчүрүп берип, анан үй карантинине жөнөттүк. Алардын арасында операциядан кийинкилер бар экен. Аларды ооруканаларга жаткырдык", - дейт орун басар.
Медицина кызматкерлеринен 13ү ооруканадан чыгарылып, акырындап жумушуна кайтып жатат.
Дагы 7 медицина кызматкери коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен:
Ош шаарында – 2;
Ош облусунда – 2;
Бишкек шаарында – 3 медицина кызматкери.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 147 медицина кызматкерлери катталды.
21-апрелге карата 22 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.
Алардын арасынан:
Бишкек шаарында – 8;
Ош облусунда – 3;
Ош шаарында – 6;
Нарын облусунда – 5;
Бейтаптардын жалпы саны 590го жетти.
Бир суткада өлкөдө 15 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Алар:
Бишкек шаарында – 4;
Нарын облусунда – 1;
Ош облусунда – 4;
Ош шаарында – 6.
Республика боюнча айыгып чыккандардын жалпы саны 216га жетти.