Өлкөдө мечиттер кийинки аптада ачылат

Кийинки жумада диний мекемелерге барууга коюлган чектөөлөр алып салынат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

8-июндан баштап Кыргыз Республикасында диний мекемелерге - мечиттерге, чиркөөлөргө жана намазканаларга барууга коюлган чектөөлөр алынып салынат.

Мындай чечимди республикалык штаб Кыргыз өлкөсүндөгү мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин кабыл алды. Бул жайларда санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми: бет кап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек.

Республикалык штаб өлкө аймагында карантин күчүндө экенин эскертет. Ошондуктан, жарандар санитардык-гигиеналык нормаларды, анын ичинде коомдук жайларда сөзсүз түрдө бет кап тагынууга тийиш.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek-94
2020-06-04 11:16:40
Альхамдулиллах
+2
sumaika
2020-06-04 11:57:48
Кудайга шүгүр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан