Кечээ, 20-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан өлкөдө дагы 2 адам каза болгонун маалымдаган болчу. Алар 70 жана 79 жашта болушкан.
Бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге: "Алардын каза болгонуна коронавирустун канчалык таасири бар?", - деген суроо берилди.
"Ош шаарындагы ооруканада жаткан эркек киши 79 жашта болчу, ал дарылануудан өтүп жаткан. Өзүнүн жаш курагына байланыштуу башка дагы илдеттери бар эле. Коронавирусту жуктурганда иммундик системи алсызданып кеткен, башка оорулары да козголуп, бир канча аракеттерге карабай каза болуп калды.
Чүй облусунда 70 жаштагы аял көз жумду. Ал үйдө көпкө чейин ооруп жаткан, олуттуу өнөкөт оорулары да болгон. Көпкө чейин медициналык жардам алуу үчүн кайрылбай жүргөн. Дарыгерлер андан коронавируска карата да анализ алууну чечишкен. Жыйынтыгында андан бул оору да аныкталган. Ал үйүндө өнөкөт оорусу менен көпкө жаткандыктан, аны менен байланышта болгондорду дарыгерлер дароо көзөмөлгө алышып, медициналык текшерүү жүргүзүштү. Аталган жаран менен жалпы 5 адам байланышта болгон, баары үй карантинге алынды", - деди Үсөнбаев.