Бет каптын үстүнкү бөлүгүндө капкак жайгашкан түрү вирус жана бактерияларды өткөрөрүн саламаттыкты сактоо тармагы боюнча иш алып барган америкалык эксперттер аныкташты. Андай бет каптуу адамдан коронавирус жуктуруп алуу мүмкүн. Бул тууралуу Foxnews жазып чыкты.
Капкагы бар N95 бет каптары адам демин чыгаргандан кийин коронавирустун бөлүкчөлөрүн кармап калуунун ордуна микробдорду жайылтат дешет алар. Сан-Франциско шаарынын башкы санитардык врачы Томас Арагондун билдиришинче, мындай бет каптар капкагы аркылуу бөлүкчөлөрдү сыртка өткөрөт. Аталган дарыгер капкактуу бет каптардын кооптуу экендиги тууралуу билдирмеге да кол койгон. "Дем алууну жеңилдетет делген бир тараптуу капкагы бар бет каптардын баары бет каптын тегерегинде вирустардын жайылышына жол ачат жана ошону менен ага жакын келген адамдарга коркунуч жаратат", - дейт Томас Арагон.
Калифорния университетинин доктору Мэтью Спрингер да мындай бет каптардын пайдасы жок экендигин айткан. "Симптому жок вирусту алып жүрүүчүлөр бет кабынан бөлүкчөлөрдү чыгарып жайылта беришет", - дейт ал.
Эксперттер капкактуу бет кап алгандарды капкагын скотч же изолента менен чаптап коюусун сунушташат.