Тилекке каршы, өлкөдө коронавирустан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын өмүрүн сактоого болгон аракеттер жумшалган, бирок алар каза болуп калышкан.
Каза болгон бейтаптын бири - Чүй облусунан - аял киши, 70 жашта. Дагы бири Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши.
Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.