Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтө албай калган абитуриенттерге дагы бир мүмкүнчүлүк берилет

Жалпы республикалык тестирлөөгө кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтө албай калган абитуриенттерге дагы бир мүмкүнчүлүк берилет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

"Буга чейин эгерде кандайдыр бир себептер менен Жалпы республикалык тестирлөөгө 15-майга чейин каттоодон өтө албай калган абитуриенттер болсо, алар үчүн кошумча дагы каттоо каралды. Бул кошумча каттоонун күндөрү 20-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин өлкөдөгү тестирлөө өтө турган борборлордо каттоо жүргүзүлөт. Мындан сырткары 23-июнда саат 13:00дөн 17:00гө чейин дагы кошумча каттоо жүргүзүлөт", - деди Омуров.

13-июлдан 19-июлга чейин ЖРТнын бардык жыйынтыктары чыгып, ар бир абитуриенттерге жер-жерлери менен сертификаттар тапшырылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан