"Playboy" журналынын мурунку жылдызы Эшли Мэттингли жанын кыйды

"Playboy" журналынын мурунку жылдызы 33 жаштагы модель Эшли Мэттингли өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Модель акыркы эки жылдан бери Техас штатында жашап келген. Эшли акыркы кезде кабарсыз болуп кеткенде досу полиция кызматына кайрылган, полиция кызматы анын жансыз денесин үйүнөн табышкан. Маалыматка ылайык, Эшли акыркы убакта алкоголдук ичимдикке берилип кеткен. Бирок анын туугандары бул кепти четке кагып, спирт ичимдикке болгон көз карандылыгын жеңгендигин айтышкан. Ошондой эле Эшли коронавируска байланыштуу карантин жарыяланганда үйдө отуруп калганда буулугуп жүргөнүн кошумчалашкан.

Азырынча моделдин эмне себептен өмүрүнө кол салганы тактала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан