Коңшу Өзбекстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алып дарыланып жаткан Ташкент шаарындагы Зангиата районундагы клиникалык ооруканага медицина кызматкерлерин тез арада жумушка алуу жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандагы болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жаңы ачылган бул ооруканага жумушка алынган медицина кызматкерлеринин иш графиги 14 күн. Ал эми айлык маянасы 15 миллион сум (1 миң 468 доллар).
Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө жалпы 16 миң 607 адамдан инфекция аныкталды. 85 адам каза болсо, 9 миң 178 бейтап айыгып чыкты.