Улуу Британияда 23-апрелден баштап коронавируска каршы вакцина адамдарга текшериле баштайт

Улуу Британияда 23-апрелден тартып коронавируска каршы вакцинанын адамдарга клиникалык сыноосу башталат. Мындай маалыматты өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкокко таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, Covid-19 илдетине каршы вакцина Оксфорд университетинде иштелип чыгып жатат.

"Лондондо келе жаткан бейшемби күнү Оксфорддон чыккан вакцина адамдарга карата текшериле баштайт. Вакцинанын клиникалык тажрыбайсын жүргүзүү жана аны изилдөө үчүн Британия жетекчилиги 42 миллион фунт стерлингден ( ред: 42 миллион фунт стерлинг - 4 миллиард 115 миллион 88 миң 754 сом) ашык каражат бөлгөн. Министр Мэтт Хэнкок вакцина коронавирусту жеңүүнүн эң ишенимдүү жолу экендигин айткан. Улуу Британия вируска каршы вакцинаны тезирээк иштеп чыгуу үчүн бардык күчүн жана көп каражат жумшоого даяр", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher90kgz
2020-04-22 12:04:14
Э Алла таасирин берсе экен эми.Оомин дейли баарыбыз.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан