Өлкөдө 3 миң 872 обсервациялык орундарды даярдоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде онлайн маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.
Анын айтымында, үч маал тамак-аш менен иш-чараларга тартылган кызматкерлер жана обсервацияда жаткан жалпы 35 миң 617 жаран камсыздалды. Бул үчүн 10 миллион 277 миң 590 сом жумшалды. Ошону менен катар эле министр республика боюнча 12 миң обсервациялык орун даяр экенин билдирди.