Жалпы 612. Укук коргоо органдарынын 12, медициналык 157 кызматкер оору жуктуруп алганы аныкталды (видео, хронология)

Бүгүн, 22-апрель. Коронавирус боюнча өкмөт алдында түзүлгөн республикалык штабда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берүүдө. Ал акыркы сутка ичиндеги бул илдетке байланышкан статистиканы айтууда.

2020-04-22 11:21:00

Үсөнбаев Кытайдан өлкөгө келген медиктердин ишмердигине токтолду.

"Алар медицина мекемелерди карап көрүп жатышат. Эпидемиологиялык иштер, лабораториянын шарттары менен таанышышты. Жакында дистанциялык окутуулар башталат. 4-5 күн ичинде лабораториялык иштер, оорунун алдын алуу, дарылоо процесстери боюнча суроолорубузга жооп алабыз деп ойлоп жатабыз. Окууга каалаган медицина кызматкерлери мобилдик тиркеме аркылуу кошула алат", - деди Үсөнбаев. 

2020-04-22 10:18:00

"Менин көптөгөн кесиптештерим ар кайсы жакка кайрылып коргоочу каражаттар менен камсыздоону талап кылып жатышат. Бирок биз өлкөдөгү бардык медицина кызматкерлерин коргоочу каражаттар менен камсыздай албайбыз. Министрдин буйругуна ылайык, биз коронавирус менен күрөшүп жаткан мекемелердеги медицина кызматкерлерди толугу менен коргоочу каражаттар менен камсыздайбыз. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган ар бир кызматкер коргоочу кийим, каражаттар менен камсыздалган. Ал эми башка мекемелердеги дарыгерлер өздөрүнүн жетекчилигине кайрылып, буйрук менен таанышып, анын негизинде өздөрүнө бул каражаттарды алышса болот", - деди министрдин орун басары. 

2020-04-22 10:15:00

"Укук коргоо органдарынын канча кызматкери коронавирус жуктурду?"

"Жалпы 12 кызматкери бул ооруну жуктурду. Алар бардык тийиштүү дарылануудан өтүп жатат. Анын ичинен бир бейтап жандандыруу бөлүмүндө", - деди Үсөнбаев.

2020-04-22 10:11:00

"Медициналык коргоочу каражаттардын бир топтомунун баасы ар кандай болуп калышы мүмкүн. Биз сунуштаган тараптардын бааларын карап көрөбүз. Аны атайын тендердик комиссия карап чыгып чечим чыгарат", - деди министрдин орун басары. 

2020-04-22 10:07:00

Буга чейин медициналык мекемеде иштегендердин ичинен 147 кызматкерден вирус табылган. Бүгүнкү күнгө карата дагы 10 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.  
Жалал-Абад облусунда – 2
Ош облусунда – 1
Ош шаарында – 3
Нарын шаарында – 1
Бишкек шаарында – 3.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган медициналык кызматкерлердин саны 157ге жетти. 

2020-04-22 10:02:00

Коронавирустан дагы 38 адам айыгып чыкты. Муну менен ооруканадан 254 адам чыгарылды. Ооруканада 351 адам дарыланууда, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө 5 бейтап жатат. 

2020-04-22 10:00:00

Бир сутка аралыгында өлкөдө 22 адамдан коронавирус аныкталды. 
Бишкек шаары – 10
Чүй облусу – 2
Ош шаары – 4
Ош облусу - 1
Жалал-Абад облусу - 4
Нарын облусу – 1

Республика боюнча ооруну жуктургандардын саны 612ге жетти. 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан