"Көчөдө жүргөндөр көп". Бишкекте жөө патрулдук 410 кызматкер ишке кирди

Бүгүн, 30-мартта Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда онлайн маалымат жыйын өтүүдө.

Жыйында жарандар, айрыкча Бишкек шаарынын тургундары абалды түшүнбөй жатышканы айтылды.

"Шаарда өзгөчө абал киргизилгенине карабастан, көчөдө жүргөндөр көп болуп жатат. Учурда 410 жөө жүрүүчү патрулдук кызматкерлер ишке кирди. Булар жарандарды тартипке чакырууга салым кошот.

Элди тамак-аш менен камсыздаган ишкерлерге уруксат болгон. Блокпосттордун коюлганына карабай мыйзам бузуу уланууда. Тилекке каршы, шаар тургундары абалды аягына чейин толук түшүнбөй жатышат", - деди Боронов.

30-мартта коронавирус менен дагы 10 адам жабыркап жатканы аныкталды. Жалпысынан оору жуктуруп алгандардын саны 94 адамга жетти. Вирусту жуктурган акыркы он адам Жалал-Абад облусунун тургундары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
lazygirl
2020-03-30 14:53:00
Түшүндүрүү ишин жүргүзбөй эле сразу камасын алпарып, бир эки күнгө,антпесе кенебей атышат баары. Биз жакта чоң эле балдар футбол ойноп , көчөдө тентип жүрүшөт бекерчиликликтен не кылышын билишпей. Сөз айтсан угушпайт. Ошого окшогондорду камагыла!
+8
gitaris93
2020-03-30 14:56:59
lazygirl,азыр эч ким жөнү жок көчөгө чыккан жок баарынын зарыл иши бар
-7
Omar.
2020-03-30 16:55:03
gitaris93, баардык мекемелер жабык болсо кандай зарыл иш болот?
0
Patoshik1
2020-03-30 18:05:13
gitaris93,зарил ишинди кузгуго айтишин герек. Гочодо жумуш жок газыр. Эшике чыкканга смисл жок газыр!!!
0
Isa2014
2020-03-30 15:29:00
lazygirl,кармабай эле сабаш керек дубинка менен тентиген жарандарды Индиядай кылып. Аларды камаса биринде болуп калса жуктурат дагы миңине.
+5
Bars88
2020-03-30 15:10:17
Ошо силер эч кимди текшербей киргизе бергенинерден канча эл жумушу жок отурат уйдо.Убагында жакшы караш керек эле чек араны
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан