Бүгүн, 13-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгон эки дарыгерге "Эмгектин баатыры" наамын ыйгарды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өзүнүн милдетин аткарууда көрсөткөн мыкты кызматтары үчүн жогорку даражадагы "Эмгектин баатыры" наамы, "Алтын жылдыз" жана "Отан" ордендери менен Көкшетау шаардык көп тармактуу ооруканасынын дарыгери Исаев Олег Николаевич жана Актөбө облусунун аймактык клиниканын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башкы дарыгери Козбагаров Калихан Эсбосынович (каза болгондон кийин) сыйланат", - деп жазылган билдирүүдө.
Олег Исаев 10-июлда 53 жашында коронавирус инфекциясынан көз жумган. Ал эми Калихан Козбагаров дагы 10-июлда 59 жашында пневмониядан каза болгон.
Бүгүн, 13-июль Казакстанда коронавирустан каза болгондорду эскерүү күнү.