Президент милиция кызматкерлеринин жарандарга жасаган мамилеси сылык-сыпайы болушу керектигин айтты

Бүгүн, 23-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү талкууланды.

Мамлекет башчы биринчи кезекте калктын саламаттыгын коргоону шарттаган бардык карантиндик-санитардык талаптардын жарандар тарабынан сакталышын камсыздоонун өзгөчө маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

Үй карантиндин шарттарынын жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушуна жол бербөөгө, ошондой эле илдет жугузуп алгандар менен байланышта болгон адамдарды аныктоого багытталган чараларды ишке тартылган мамлекеттик органдар менен биргеликте күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган ички иштер органдарынын кызматкерлерин жеке коргонуучу каражаттар жана башка зарыл болгон жабдыктар менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду. Ал кызматкерлердин жарандарга жасаган мамилеси сылык-сыпайы болушу керектигин айтты.

Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана өзгөчө абал киргизилген шаарлар менен райондордун коменданттарынын алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү эң маанилүү маселе экенин белгиледи.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бүгүнкү күндөгү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында республика аймагындагы блокпостторго күн сайын беш миңден ашуун милиция кызматкери жана 500 транспорт каражаты тартылып жатканын билдирди.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн республиканын шаарлары менен райондорун күн сайын миңден ашуун милиция кызматкери күзөтүп жатат.

Кашкар Жунушалиев инфекция менен күрөшүүгө тартылган ички иштер органдарынын бардык кызматкерлери зарыл болгон каражаттар, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгондугун белгиледи.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alimbek1000
2020-04-23 16:39:14
Азыркы жаңы түзүлгөн патрульный милициялар сылык мамиле кылышат
+1
robot111
2020-04-23 17:12:57
Дарыгерлер менен милицияларга таазим. Кун-туну эл кызматын кылып жатат.
0
Jaznura
2020-04-23 16:40:24
ИИМ кызматкерлерине ыраазычылык. Ушундай оор кырдаалда өз өмүрүн тобокелге салып күн түн дебей иштеп жатышат.
+1
Makul
2020-04-23 16:55:59
Эс алуу жок таң аткандан түнгө чейин иштеп жатышат күндүн ысык суугуна карабай. Аллахым күч кубат берсин милиция кызматкерлерине!!! Оору жугуп калгандан сактасын!!!
+1
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-24 12:00:36
Кээбирлер жакшы арасында болот да крысалар ансыз жашоо кызыксыз болуп кетпйеби туугандар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан