Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаев коронавируска каршы текшерүүдөн өтүүсү талапка ылайык эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.
Жактоочунун айтымында, Алмазбек Атамбаевде оорунун белгилери жок жана ага анализ тапшыруу зарыл эмес.
"Азыркы тапта Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы өтө төмөн, кыймылдын координациясы да начар. Бирок азырынча аны текшере турган дарыгерлер чакырылган жок. Мен бул тууралуу бир нече жолу сурангам. Саламаттыкты сактоо министрлиги корутунду берсин, эгерде Алмазбек Атамбаев ооруп жатса, анда эмне үчүн текшерилүүдөн баш тартмак эле? Бирок чынында ага коронавируска каршы тест тапшыруу зарыл эмес", - деди Сергей Слесарёв.
22-май күнү Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлаган. Бул тууралуу анын уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан болчу.