Өлкөдөгү коронавирус жана пневмония оорусунун статистикасы бириктирилет

Бүгүн, 17-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйын берди. Анда өлкөдөгү коронавирус менен пневмония оорусунун статистикасы бириктирилерин айтты.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук клиникалык колдонмосунун 3-версиясын бекитти. Аталган Улуттук клиникалык колдонмосу COVID-19 илдетинин даражаларынан, ооруган бейтаптарды дарылоо алгоритминен, аны менен бирге өпкөнүн сезгениши (пневмония), стационардык жана амбулатордук жардамды көрсөтүүдөн турат", - деди Исмаилова.

Анын айтымында, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан кабыл алынган Эл аралык ооруларды классификациялоого ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шарттарында колдонулат. COVID-19 илдетин лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок клиникалык белгилери бар болуп, рентген аркылуу билинген 07.2 кодуна таандык келээри аныкталды.

"Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР-анализ менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиологиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат", - деп кошумчалады Аида Исмаилова.

16-июлга карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясынан жалпы 167 бейтап каза болсо, пневмониядан 612 адам көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан