Чет өлкөдөн мекенге кайтып келүүнү каалаган мекендештердин саны айтылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда өлкөгө Орусиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан 4 миңден ашык жаран кайтып келүүнү каалап жатышат.
Буга чейин Орусиядагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү токтотулуп калган каттамына авиабилеттерди алып алышкан.
Ошондой эле дүйнөдө коронавирус пайда болгондон баштап,ТИМ жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдардын жардамы менен Кыргыз өлкөсүнө 6 миң 767 жаран кайтып келген. Алар Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Египет, Таиланд, Кытай, Малайзия, Корея, Индонезия, Шри-Ланка, Вьетнам өлкөлөрүнөн келишкен.
Мындан сырткары Москвадан келген каттам менен жарандар АКШ, Франция, Улуу Британия, Доминикана Республикасы жана башка мамлекеттерден келишкен.