Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 7 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүнкү күнгө карата онлайн жыйында Айнура Акматова билдирди.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта жана медкызматкер, 62 жашта);
Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта);
Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 99 кишини түздү.
Ал эми пневмониядан бир сутка ичинде 29 бейтап каза болду. Алардын ичинен 10 адам республика боюнча жана Бишкекте 19 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 224 адам.