Коронавирусту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн. Казакстанда ит менен мышыктан баш тарткандар көбөйдү

Казакстанда жолбун иттер менен мышыктар көбөйдү. Буга тургундардын үй жаныбарлары коронавирусту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүн деген шек саноосу себеп болгон. Мындай маалыматы казак басылмалары жазып чыгышты.

Ал эми жаныбарларды баккан жайлардын жетекчилери карантин учурунда ит, мышыктарды багуу кыйынчылык жаратып жатканын айтышат. "Жаныбарлардын тамак-ашы кыскартылып, күнүгө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, көп каражат сарпталып жатат. Жаныбарларга кам көрүү жакындарыңа кам көргөндөй болушу керек, ал үчүн жоопкерчиликти алыш керек", - деп эсептешет жаныбарларды кармоочу жайдын жетекчилери.

АКШда тескерисинче жаныбарларды багып алуучулар карантин учурунда көбөйүп, иттерди массалык түрдө алгандар болду. Бүгүнкү күнгө чейин коронавирус аныкталган жарандар иттерден же мышыктардан жуктуруп алган учур каттала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2020-04-24 12:33:09
АКШда элдер дагы да эсине келе элек экенда, иттер ээсин жеп коюптур деген да макаланар бар беле? _ super_info
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан