109 адам өтө оор абалда. Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын абалы тууралуу маалымат

Бүгүн, 3-ноябрга карата республика боюнча коронавирус илдетинен жабыркагандардын жалпы саны 60 миң 279га жетти. Бүгүнкү күндө анын ичинен 3 миң 367 бейтап медициналык мекемелерде дарыланып жатат. Республикалык штаб бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык:

* 56 бейтап (1,6%) - канаттандыраарлык абалда;
* 2265 бейтап (67,2%) - орто оордукта;
* 937 бейтап (27,8%) - оор абалда;
* 109 бейтап (3,2%) - өтө оор абалда.

Ал эми коронавирус инфекциясын жеңип, айыккандардын саны 51 миң 288 болсо, 1 миң 159 жаран каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан