Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев карантин бүткөндөн кийин биринчилерден болуп кайсы иштин түрлөрүнө уруксат берилерин айтты.
Анын айтымында, биринчи кезекте калктын күнүмдүк жумуштарды аркалап акча тапкан чөйрө курулуш, унаа оңдоочу жайлар, дөңгөлөк желимдөө, такси кызматтары санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен (бир унаада 2ден ашык адам болбошу керек) иштерин баштайт.