Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Ал эми 1 медкызматкер илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда кабарлады.
Үй карантининен айыгып чыгарылган медкызматкер саны - 9.
Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 136 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 506 медкызматкер айыгып чыкты.