Дубайда полиция кызматкерлери коронавирус оорусунун белгилери бар адамдын жүзүн аныктай ала турган атайын камералар менен жабдылган шлемдерди колдоно баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул шлемдер 5 чакырым аралыкта 1 мүнөт ичинде 200гө жакын адамдын дене табын өлчөй алат. Эгерде адамдын дене табы нормадан жогору болсо, камера атайын белги берет. Аталган шлемдер менен метродо, аялдамаларда жана көчөлөрдү патруль кылган полиция кызматкерлери камсыз болгон.
25-апрелге карата аталган өлкөдө 9 миң 200 адам вирус жуктуруп алса, 64 адам көз жумган.